SerepTV Logo

Садыр Жапаров Санкт-Петербургда. Ал кайсы учак менен барды?

Садыр Жапаров Санкт-Петербургда. Ал кайсы учак менен барды?
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкө лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапары менен учуп келди. Мамлекет башчынын учагы “Пулково” эл аралык аэропортуна конду. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин салттуу бейформал жолугушуусу Орусиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен жыл сайын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлөт. Бул иш-чарага Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин катышуусу күтүлүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="155296,155293,155294,155297,155295"]
info