SerepTV Logo

Садыр Жапаров Путиндин өкүлү менен Кыргызстанга вакцина жеткирүү маселесин талкуулады

Садыр Жапаров Путиндин өкүлү менен Кыргызстанга вакцина жеткирүү маселесин талкуулады
Президент Садыр Жапаров Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болгон. "Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Орусия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды", - деп айтылат маалыматта.
edita