SerepTV Logo

Садыр Жапаров президенттердин бири кыргыздын ынтымагына суктанганын айтты

Садыр Жапаров президенттердин бири кыргыздын ынтымагына суктанганын айтты
Президент Садыр Жапаров Баткенден келген Жамалидин Рахманбердиевге жооп берип жатып, кыргыз элинин ынтымагына чет элдеги иш сапарында кесиптеши суктанганын айтып берди. "Баткен окуясынан кийин мен чет өлкөгө саммитке бардым. Ал жакта атын атабай эле коёюн, бир кесиптешим колумду кармап туруп, минтип айтты. "Сеникиндей элди жөн эле келип жерин басып алам деген акылсыздык. Мындай ыкчам уюшулган, ушундай ынтымактуу элди эч ким баса албайт" деди ал. Мен да жүрөгүм менен кубандым", - деди ал.