Садыр Жапаров парламенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык бардык шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иши жарандарга шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында таасир этүүнүн ар кандай формаларын, ошондой эле тигил же бул талапкерди, партиялык тизмени эркин тандоосуна таасир тийгизүүнү болтурбоого багытталууга тийиш. Жарандарга таасир этүүнүн болгон формасын, шайлоолорго катышууга же катышпоого мажбурлоону жокко чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып токтом кылынат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети, укук коргоо органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде: – мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү милдеттерди жана чектөөлөрдү белгилеген шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын так сактасын; – Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, саясий партиялардын, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда каралган эркин үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын; – аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салсын; – талапкерлерге жана саясий партияларга мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн бирдей шарттарын камсыз кылсын; – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин жана саясий партиянын пайдасына колдонууга тыюу салсын; – билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жана окуучуларын, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыз кылуу органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналын, башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, калкты тейлеген мекемелер менен ишканалардын кызматкерлерин кандайдыр бир талапкердин жана саясий партиянын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга тыюу салсын; – шайлоо алдындагы үгүт иштерине мыйзамсыз катышкан жана кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын талапкерлердин жана саясий партиялардын пайдасы үчүн колдонгон аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ведомстволук уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кечиктирбестен тартип жоопкерчилигине тартсын, ал эми зарыл болгон учурда ээлеген кызматынан бошотсун.