Садыр Жапаров Ош шаарынын мэрине шайлоону таза өткөрүү талабын койду
Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мэр Таалайбек Сарыбашов шаар тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртуу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча муниципалдык органдар жана тиешелүү кызматтар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. Президент Садыр Жапаров Ош шаар тургундарынын жашоосуна түздөн-түз таасир этүүчү шаарды өнүктүрүү программаларын өз убагында ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы башка маселелер менен катар алдыдагы коомдук-саясий процесстерге, анын ичинде өлкөнүн кээ бир шаарларында өтө турган жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо өнөктүгүнө көңүлүн бурду. Садыр Жапаров шайлоонун ачык-айкындыгын толук камсыз кылууну, кандай гана чиновник болбосун алардын административдик ресурстарды колдонуусуна жол бербөөнү тапшырды. Ал 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрым жергиликтүү жетекчилер өткөн окуялардан сабак албай, мыйзам бузууларга жол бергендигин айтып, буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылганына токтолду. Өлкө башчы муниципалдык же башка кызматкерлердин шайлоого таасир этүү үчүн жасаган бардык мыйзамсыз аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюларын баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров белгилегендей, ушундай эле талаптар Бишкек жана Токмок шаарларына дагы коюлат.