Садыр Жапаров Орусияга бейформал жолугушууга барбайт
КМШ лидерлеринин Орусияда өтүүчү бейформал жолугушуусуна президент Садыр Жапаров барбайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
"Иш графигине байланыштуу Садыр Жапаров Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитине катышпайт. Орусиянын прзиденти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу президенттин куттуктоосун жеткирүү үчүн кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин 7-октябрда Путиндин 70 жашка толгонуна карата юбилейине постсоветтик өлкөлөрдүн башчылары чакырылары айтылган.