SerepTV Logo

Садыр Жапаров Орусияга бейформал жолугушууга барат

Садыр Жапаров Орусияга бейформал жолугушууга барат
Президент Садыр Жапаров 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Ал иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.
edita