Садыр Жапаров Ооганстандагы БУУнун эвакуацияланып жаткан мекемелерин убактылуу Бишкекте жайгаштырууну сунуштады
"Ооганстандагы акыркы кырдаалга байланышту биздин тынчсыздануубузду белгилебей коюуга болбойт. Биз 500 оогандык жаштарга биздин университеттерде билим алуусуна мүмкүнчүлүк бере алабыз, ошондой эле муктаж болгондорго, биринчи кезекте, Ооганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтө алабыз. Ооганстандан БУУнун мекемелерин эвакуациялоо жүрүп жатканын эске алып, Кыргызстан аларды Бишкекте убактылуу жайгаштырууну сунушайт. Буга байланыштуу БУУнун Башкы катчысынан биздин сунушка көңүл бурууну өтүнөм. Ошондой эле ал жактагы түзүлгөн кырдаалдан улам, Борбордук Азиянын коопсуздугу алдыңкы планга чыгууда. Ооганстандагы коомдук-саясий туруктуулук жана тартип тез арада орнооруна ишеним артабыз. Өз кезегинде, Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ар тараптуу иштерди жүргүзүүдө, БУУнун Глобалдык терроризмге каршы стратегиясынын жоболорун, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын, БУУнун Коопсуздук кеңешинин терроризмге каршы комитетинин аткаруучу дирекциясынын сунуштарын ак ниеттүүлүк менен аткарууда. Мисалы, Кыргызстанда буга чейин жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат системасы жана террорчулардын кыймылын эл аралык көзөмөлдөө үчүн жүргүнчүлөрдү каттоо боюнча маалыматтар киргизилген. Биз ошондой эле Сириядагы жарандарыбызды, аялдарды жана балдарды мекенине кайтарууда БУУнун жана кызыкдар мамлекеттердин колдоосуна ишенебиз. Ошол эле учурда биз терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн гана эмес, баңгизат жана курал, адам сатуу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана кибер мейкиндик жаатында мыйзамсыз иш жүргүзгөн трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы эл аралык аракеттерди активдештирүүгө чакырабыз", - деди ал.