SerepTV Logo

Садыр Жапаров: "Кыргызстан менен Орусия - түбөлүк союздаш өлкөлөр"

Садыр Жапаров: "Кыргызстан менен Орусия - түбөлүк союздаш өлкөлөр"
Кыргызстан менен Орусия — түбөлүк союздаш жана өнөктөш мамлекеттер. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Россия 1" телеканалындагы Павел Зарубиндин "Москва. Кремль. Путин" программасына маек берип жатып айтканын "РИА Новости" жазды. "Орусия, Владимир Владимирович Путин Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабайт. Биз түбөлүк союздаш жана соода-экономикалык жактан өнөктөш мамлекетпиз. Андыктан биз биринчи кезекте Кыргызстанды мындан ары өнүктүрүү тууралуу сүйлөштүк. Жалпысынан жолугушуунун жыйынтыгына канааттандым", — деген Жапаров. Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Орусияга 24-майда барып келген.
Unknown Author