Президент коронавирустук абал турукташкан соң, Кытайга иш сапар менен барарын билдирди
"Коронавирус боюнча абал турукташкандан кийин мен Кытайга сапар алам". Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйында билдирди.
"Кытай менен кызматташтык ырааттуу өнүгүп, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу саясий диалогдор болуп турду. Кытай өнөктөштөрүбүз коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө жана социалдык-экономикалык кесепеттерди жоюуда бизге чоң жардам көрсөтүштү. Кытай менен баардык маселелерди сүйлөшүп, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну алдыга жылдырабыз", - деди өлкө башчысы.