SerepTV Logo

Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышат

Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматында өтчү кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына аткарылган иштердин жыйынтыгы, анын ичинде Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, ЕАЭБдин 2020-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын ишке ашыруу тууралуу жана башка бир катар баяндамалар угулат. Мындан сырткары, Кеңештин мүчөлөрүнүн мүчө-мамлекеттердин 2021-2022-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанцияларды чыгаруу жаатында кызматташуу жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди кароосу күтүлүүдө. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынат.
edita