SerepTV Logo

Садыр Жапаров Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол койду (сүрөт)

Садыр Жапаров Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол койду (сүрөт)
Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында, бүгүн, 29-июнда Душанбе шаарында кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Өлкө башысы Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия боюнча агенттигинин ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстандын президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана спорт комитетинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • "Кабар" кыргыз улуттук маалымат агенттиги менен Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.
  • [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="60418,60419,60415,60416,60417,60420"]
Unknown Author