Садыр Жапаров ИИМге жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчы белгилегендей, акыркы мезгилде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштады. Садыр Жапаров адам өмүрүнөн өткөн баалуу эч нерсе жок экендигин баса белгилеп, ошондуктан Ички иштер министрлигине жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдарынын эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Президент жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.