Садыр Жапаров Баткендеги жерлер боюнча Жеңиш Разаковго тиешелүү документтерди карайм деп убада берди (видео)
Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургуну президент Садыр Жапаровго мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков ал аймактагы жерлерди мыйзамсыз бергенин айтты. Бул тууралуу видео соцтармакка тарады.
Тургундун айтымында, Разаков вице-премьер болуп турганда аталган айылга барып, чогулуш кылган. Жыйынга келген тургундарды "сен ушул айылда жашайсыңбы же жокпу?" деп катуу текшерген. Чогулушта кыргыздардын жерин тажиктердики, башка жерге алмаштырабыз деп, элди коркутуп, кол койдурткан. "Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиз Жеңиш Разаковду жоопко тартасызбы? Эч ким эч кандай чара көрбөй жатат", - деген тургун.
“Баткендеги жерлер боюнча Жеңиш Разаковго тиешелүү документтерди карайм. Кагаздарын карай элекмин. Силерде документтер барбы, ошолорду алдырып карайм, анан жообун сиздерге берем”, – деди өлкө башчы.
Жеңиш Разаков 2018-2020-жылдары вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган.