SerepTV Logo

Садыр Жапаров "Алтын сертификаттын" ээлерине: "Кыргызстан ата-бабаңар жаткан жер экенин унутпаңыздар"

Садыр Жапаров "Алтын сертификаттын" ээлерине: "Кыргызстан ата-бабаңар жаткан жер экенин унутпаңыздар"

Бүгүн, 1-июлда президент Садыр Жапаров ЖРТда эң жогорку балл алган абитуриенттерге "алтын сертификаттарды" жана белек тапшырды. Президент окуучуларды мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алардын мугалимдеринин жана ата-энелеринин ролун белгиледи.

"Бүгүнкү ийгиликке жетүү үчүн сиздер бөбөк кезден - 1-класстан тарта талпынып, минтип аң-сезимдүү, айкын максаттуу, ар тараптуу инсан болдуңуздар. Билим алууга болгон аракетиңерден тайбай мындан ары да арышыңар кеңейип, кадамыңар илгерилесин. Албетте, мектеп турмушун ата-энесиз, мугалимсиз элестетүү эч мүмкүн эмес. Билим кенин казууда, кыйынчылыкта өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон дал ушулар эмеспи. Бул турмушта кандай гана бийиктиктерди багындырбагыла, Кыргызстан туулган жериңер, ата-бабаңар жаткан жер экенин унутпаңыздар", - деди ал.