SerepTV Logo

Садыр Жапаров Алматыга жөнөп кетти. Аны коштоп баргандардын тизмеси

Садыр Жапаров Алматыга жөнөп кетти. Аны коштоп баргандардын тизмеси
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда иш сапары менен Астана шаарына жөнөп кетти. Мамлекет башчысы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Кечинде президент Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы: — тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; — Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; — Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев; — Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов; — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.