Садыр Жапаров: "Акыркы күндөрү эпидемиологиялык абал курчуп баратат"
Азыркы учурда коронавирус илдетине байланыштуу абал курч. Инфекциянын жайылышына бөгөт коюу, анын кесепеттерин азайтуу үчүн иштерди министрлер кабинети тийиштүү иштерди аткарып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.
"Соңку күндөрү инфекциянын жайылышы күчөп, абал курчуп баратат. Ага карабастан карантиндик катаал чектөөлөрдү киргизген жокпуз. Анткени экономика чабал акыбалда. Кош кысымдын алдында калды. Бир жагынан коронавирустун айынан киргизген чектөөлөргө ылайык, товар жүгүртүү кыскарды. Экинчи жагынан бүт дүйнөнү тооруган экономикалык кризис менен кымбатчылыктын кесепети бизди да кыйгап өткөн жок. Бардык өлкөлөрдү кымбатчылык каптады", - деди ал.