Казакбаев «Анталия дипломатиялык форумунда» кыргыз-тажик чек ара жаңжалы тууралуу айтып өттү
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Анталия дипломатиялык форумунда» сөз сүйлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда ТИМден билдиришти.
Министр өз сөзүндө Анталия форуму инновациялык дипломатиялык ыкмаларды колдонуу менен коопсуздукту, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо максатында кызматташууну өнүктүрүү үчүн салттуу жана абройлуу глобалдык аянтчага айланат деп ишеним артты. Казакбаев мамлекеттер аралык талаш-тартыштарды бир гана тынчтык жолу менен жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү зарылдыгын белгиледи. Бул контекстте ал жакында кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжалды эскерип, тараптар аны дипломатиялык ыкмалар менен чечүүгө умтулгандыгын белгиледи.
Ошондой эле Азия континентиндеги интеграциялык процесстердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал катышуучуларды регион менен жалпысынан континенттердин ортосундагы соода-экономикалык, транзиттик, транспорттук, энергетикалык жана маалыматтык технологиялык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө чакырды. Заманбап дүйнө түзүлүшүндө Евразия континентинин жана түрк мамлекеттеринин мааниси өсүп жаткандыгын белгилеген министр келечектүү адамдык, интеллектуалдык, энергетикалык, транзиттик жана транспорттук ресурстарга ээ болгон Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана элдеринин өзгөчө ролун баса белгиледи.