Равшанбек Сабиров президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду
Президенттин кеңешчиси Сабиров Равшанбек Азатович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Равшанбек Сабиров 5-февралда президенттин кеңешчиси болуп дайындалган. Ал бул кызматка чейин вице-премьердин милдетин аткарып келген.