SerepTV Logo

Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары митингге чыгышты (видео)

Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары митингге чыгышты (видео)
Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары колдоо митингине чыгышты. Чогулгандар эл өкүлдөрүн бошотууну талап кылышууда. https://youtu.be/qesoooepD5U Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси бүгүн УКМКда "Кумтөргө" байланыштуу сурак бергенден кийин кармалганы айтылган. Ал эми Төрөбай Зулпукаровдун мыйзамсыз баюуга шектелип кармалгандыгы айтылууда. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, бүгүн эл өкүлдөрүнүн баш коргоо чарасы каралат.
edita