Путин менен Жапаров жолугуп, кайсы маселелерди талкуулашат?
Президент Садыр Жапаров 24-25-май күндөрү Орусия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Иш сапардын алкагында Сочи шаарында президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Анда мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун жана евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы байланыштарга өзгөчө көңүл бурулат. Жолугушууда ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, анын ичинде орус вакциналарын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү талкуулоо пландаштырылууда. Бул сапар ушул жылдын 10-майындагы Кыргызстан менен Орусиянын лидерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилген макулдашууларды өөрчүтүү максатында болмокчу.
Ал эми Кремлдин сайтына Жапаров менен Путин кыргыз-тажик чек арасындагы стабилдүүлүктү бекемдөө сыяктуу актуалдуу болуп жаткан регионалдык маселелер тууралуу пикир алышары жазылды.