Депутат президентти бейөкмөт уюмдардын жоопкерчилиги боюнча мыйзам долбоорго кол койбоого үндөдү
Бейөкмөт уюмдардын каржылык отчеттуулугу жөнүндө мыйзам долбоору Конституцияга каршы келет жана бүтүндөй өлкөгө чоң зыян келтирет. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, аталган долбоор Сооронбай Жээнбековдун президенттиги учурунда мамлекет башчысынын аппараты тарабынан иштелип чыккан. «Бул Жээнбековдун долбоору. Депутаттар аны жазышкан эмес, аны мамлекет башчысынын аппараты жазган. Мен Садыр Жапаровдон баш тартып, четке кагуусун суранам», - деди депутат.
Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов бул мыйзам Конституцияга каршы келберин билдирди. Анын айтымында, долбоордо кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ченемдер жок. «Баш мыйзамдын 8-беренесине ылайык, бардыгы ачык жана айкын болушу керек. Бул долбоордо кылмыш жоопкерчилигине тартуу жок», - деди Калматов. Депутаттар мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, добуш берүүгө жөнөтүштү.
4-мартта Жогорку Кеңеш бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга коммерциялык эмес уюмдарды каржылоо булактары жөнүндө отчет берүүгө милдеттендирген өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алган. Укук коргоочулар муну басмырлоо деп атап, демилгечилерден мыйзам долбоорун кайтарууну суранышкан.