SerepTV Logo

Президенттин басма сөз катчысы депутаттын сөзүнө комментарий берди

Президенттин басма сөз катчысы депутаттын сөзүнө комментарий берди
Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин “Эксперттер талдайт” программасында сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди. Анда депутат чакырылган эксперт Владимир Фролов президент Садыр Жапаров менен жолукканын айткан. "Садыр Нургожоевич бул экспертти жеке кабыл алды, текшерди жана ага ынангандан кийин колдоо көрсөтүүдө", - деген Саматбек Ибраев Ал эми Эрбол Султанбаев депутатты президенттин атынан комментарий бербөөгө чакырды. «Биз айрым депутаттарды президенттин атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырабыз. Бул үчүн мамлекет башчынын басма сөз кызматы бар», - деди ал.