SerepTV Logo

Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борбору түзүлдү

Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борбору түзүлдү
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Жарлыкка ылайык, президенттин жана Министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Кырдаалдык борборун түзүүгө токтом кылынган.