Президенттин администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды
Президенттин администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:
— Жанузаков Адилет Канатович - Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
— Сазыков Эркин Орозбекович - Маалыматтык саясат кызматынын талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
— Борубаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.