SerepTV Logo

Президент УКМК менен ИИМге Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөөнү күчөтүүнү тапшырды

Президент УКМК менен ИИМге Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөөнү күчөтүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты. Мамлекет башчысы укук коргоо органдарына Кыргызстандын жаранынын жерин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды. Буга чейин 1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, президенти Орхан Инанды уурдалганы маалым болгон.
admin@supertv.kg