SerepTV Logo

Ханайым катары Айгүл Жапарованын алгачкы чет өлкөгө сапары... Түркия кандай тосуп алды? (сүрөт)

Ханайым катары Айгүл Жапарованын алгачкы чет өлкөгө сапары... Түркия кандай тосуп алды? (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда расмий иш сапары менен Түркиянын борбору — Анкара шаарына келди. Бул тууралуу президенттин аппарат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын учагы «Эсенбога» эл аралык аэропортуна конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды. Эл аралык аэропорттун флагштокторунда Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик туулары илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат жана эки өлкөнүн бизнес форумуна катышат, ошондой эле Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлашат.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="53285,53286,53287,53288,53289,53290,53291,53292,53293"]

Unknown Author