Президент Садыр Жапаровду Арменияда ким, кандай тосуп алды (сүрөт)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда Арменияга иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду.
Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды. Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.
Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="149166,149167,149168,149169"]