SerepTV Logo

Президент Түркиядагы расмий иш сапарында кандай документтерге кол койду? (тизме)

Президент Түркиядагы расмий иш сапарында кандай документтерге кол койду? (тизме)
Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында ар кыл тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Президент Садыр Жапаров менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду: — Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин жаатында макулдашуу; — Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосунда Автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; — Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу; — Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду түзүү жана алардын иштеши жөнүндө макулдашуу; — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; — 2018-жылдын 9-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө протокол; —  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы протокол жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум; — Кыргыз Республикасы менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү. Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн президенттеринин администрацияларынын ортосунда расмий иш сапардын алкагында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашты.
edita