Президент Садыр Жапаров Италия президенти Серджо Маттарелланы Республика күнү менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Италиянын президенти Серджо Маттарелланы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Италиянын улуттук майрамы — Италиянын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосунда көп тармактуу кызматташуунун чоң потенциалы бар. Аны эки элдин кызыкчылыгы үчүн ишке ашыруу максатында өз ара тыгыз байланыштар мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Президент Садыр Жапаров Серджо Маттареллага чың ден соолук, бакубатчылык, ал эми Италия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.