SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга барат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга барат
Президент Садыр Жапаровдун жакын арада Түркияга барары айтылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Азырынча Жапаровдун Түркияга жасай турган сапарынын так мөөнөтү айтыла элек. Иш сапарга баруу маселеси министр Кайрат Иманалиев менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандын жолугушуусунда козголгон. Иманалиев сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчиге ушул жылдын апрель айындагы иш сапарында Түркиянын Маданият жана туризм министри, Спорт жана жаштар министри менен жолукканын, анда каралган маселелер, сүйлөшүүлөр боюнча айтып берген. Ошондой эле ал элчилик менен министрликтин миссияларынын окшоштугун, алардын ишмердиги эки мамлекеттин достугун чыңдоого багытталганын белгилеген.
Unknown Author