Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Душанбе шаарына барды (сүрөт)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда иш сапары менен Тажикстан Республикасына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарындагы эл аралык аэропортуна конуп, аны траптан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды. Аэропорттун флагштокторунда мамлекеттик туулар илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="72938,72937,72934,72936"]