Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземи өттү (cүрөт)
Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 9-июнда Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты. Мамлекет башчылары иш-чарага келгенден кийин Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды. Андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана анын дүйнөлүк маданият менен адабиятты өнүктүрүүдөгү чоң ролу жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.
Алгачкы сөз президент Садыр Жапаровго берилип, ал түрк элине жана Режеп Тайип Эрдоганга залкар жазуучунун планетардык масштабдагы мурасын даңктоо уланып жаткандыгын тастыктаган Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумун уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. "Чыңгыз Айтматовдун адабий аренада жарк этип жаралуусу беш континенттин миллиондогон окурмандарын таң калтырды. Кыргыз элинен бүткүл түрк тилдүү дүйнөнүн кадыр-баркын көтөргөн таланттуу жазуучунун чыкканы күтүүсүз болду. Ал XX кылымда Орто Азия республикаларынын тарыхында болуп көрбөгөндөй секирик жасады", — деп айтты мамлекет башчысы.
Ал 1986-жылы биринчи жолу Чыңгыз Айтматов адамзаттын келечектеги глобалдык көйгөйлөрүн талкуулоо жана алар боюнча пикир алмашуу максатында дүйнөлүк интеллектуалдардын расмий эмес жолугушуусун Ысык-Көл жээгине уюштурган форумдун тарыхына кыскача токтолду. Президент Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы, айткан акыл сөзү, даанышман ойлору терең изилдөөнү талап кылган эбегейсиз руханий байлык экенин баса белгиледи.
"Айтматовдун дагы бир сабагы — Ак илбирс Жаабарс, бөрү эне Акбаранын образдары, Арал деңизи, мөңгүлөр аркылуу туюнтулган экологиялык проблема. Табияттын чынжырына кыпындай доо кетсе, калыбына келтирүү кыйын. Айтматовдун чыгармаларында булар туурасында принципиалдуу жаңы ой жүгүртүүлөрдүн башталышына негиздер салынган. Демек, биздин Айтматов — планетардык аң-сезимге салым кошкон адам. Түрк элдеринин улуу жазуучусунун улуу ойлору түбөлүк даңазаланууга татыктуу", — деп билдирди президент Садыр Жапаров. Ошону менен бардыгын Айтматовдун идеяларын бүткүл адамзатка жайылтууга чакырды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="53574,53575,53576,53577,53578,53579,53580,53581,53582,53583,53584,53585,53586"]