SerepTV Logo

Президент Баткенде болгон иш сапарында Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты

Президент Баткенде болгон иш сапарында Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда Баткен районундагы Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган жолдун курулушунун негизги максаты — Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылуу. Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай жолунун узундугу 48 чакырым. Азыркы учурда 7 чакырым жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалды. Мамлекет башчысы альтернативдик айланма жол катары стратегиялык мүнөзгө ээ болгон Ак-Сай айылына чейинки жолдун курулушуна чоң маани берди. Президент Садыр Жапаров аймактардын экономикалык өсүшүнүн жана туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналган ички жолдорду куруу зарыл экенин белгиледи.
Unknown Author