SerepTV Logo

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу округдардан талапкерлер арыз бере баштады

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу округдардан талапкерлер арыз бере баштады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бир мандаттуу округдан талапкер Акылбек Сариевден арыз түштү. Ал №33 Нарын шайлоо округунан ат салышууга ниеттенүүдө.

Бир мандаттуу округ боюнча депутаттыкка талапкерлер каттоо үчүн документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен - 18-октябрда саат 18.00гө чейин тапшырышы керек.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.