Парламенттик шайлоо. Үгүт иштери 29-октябрда башталат
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планына ылайык шайлоо алдындагы үгүт иштери 29-октябрдан тарта башталат. Ал эми 27-ноябрь саат 08:00дө аяктайт. 27-ноябрь - жымжырттык күнү, 28-ноябрь шайлоо.
Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт.
Ошондой эле тыюу салынат:
- улуттук, этникалык, расалык, диний, региондор аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды дискриминацияга, касташууга чакырууну пропагандалоо;
- бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга чакырууга;
- согушту пропагандалоо; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен массалык иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен өткөрүү;
- башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото жана видеоматериалдарды колдонуу;
- мыйзамда тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануунун башка түрлөрү.