Парламенттик шайлоо. Шайлоо өнөктүгү 29-октябрда башталат
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери 29-октябрда башталат. Бул тууралуу БШКнын үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү Наргиз Нанакеева радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, шайлоо өнөктүгү 27-ноябрда саат 08:00дө аяктайт. "Жымжырттык күнү - 27-ноябрь, ал эми 28-ноябрь - Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү", - деди ал.