Парламенттик шайлоо. Лейлектин акими кызматынан четтетилип, Исфананын мэрине сөгүш жарыяланды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ага кийлигишпөөсүнө тийиштүү билдирүү жасады.
Акылбек Жапаров белгилегендей, үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана президенттин жарлыгы жетиштүү деңгээлде аткарылбагандыгына байланыштуу Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызмат ордунан четтетилди. Ал эми Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды.