SerepTV Logo

Парламенттик шайлоо. Экс-спикер бир мандаттуу округда ат салышууну чечти

Парламенттик шайлоо. Экс-спикер бир мандаттуу округда ат салышууну чечти

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдар боюнча ат салышууну каалагандардын саны көбөйүүдө.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоо өнөктүгүнө катышуу тууралуу билдирүүнү бир нече адам тапшырган. Байыш Курманов №30 Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер болууга ниеттенүүдө. Айбек Алтынбеков №15 Базар-Коргон шайлоо округунан. №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Канатбек Исаев шайлоого катышууга ниеттенүүдө. 

Буга чейин Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев, Нурлан Танабаев, Актилек Нурланбеков, Абдижалил Насировдон билдирме түшкөн.