SerepTV Logo

Парламенттик шайлоо. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелердин саны көбөйтүлөт

Парламенттик шайлоо. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелердин саны көбөйтүлөт

Тышкы иштер министрлиги алдыдагы парламенттик шайлоодо өлкөдөн убактылуу сыртта жүргөн кыргызстандыктар үчүн чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларын көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу БШКнын жумушчу тобунун жыйынында айтылды.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин айтымында, эгер тиешелүү мамлекеттер макулдугун берсе, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын саны 48ден 57ге чейин өсөт. «Кээ бир өлкөлөр буга чейин жооп беришкен, бирок башкалар дагы эле унчукпай жатышат. Ошондуктан, бул биротоло чечилди деп айтууга али эрте. Учурдагы шайлоо участкаларынан тышкары, мекендештерибиздин өтүнүчү боюнча, биз мындай пункттарды Орусиянын шаарларында - Хабаровск, Самара, Казань, Краснодар, Томск, ошондой эле АКШда - Нью-Йорк менен Чикагодо, Италиянын Кальярисинде, Анталияда ачууну пландап жатабыз", - деди тышкы иштер министри.

Ал белгилегендей, 68 миңге жакын шайлоочу өлкөдөн тыш жашашат. Ал эми чет өлкөдө жашап, бирок шайлоо тизмесине кирбей калган кыргызстандыктар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук кызматкерлерге каттоодон өтүшү керек.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.