SerepTV Logo

Парламенттик шайлоо-2021. БШКга шайлоого катышуу үчүн 28 партиядан билдирме түштү

Парламенттик шайлоо-2021. БШКга шайлоого катышуу үчүн 28 партиядан билдирме түштү
28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме БШКга 28 партиядан түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Алар:
  1.  «Социал-демократтар»;
  2. “Улуттар биримдиги”;
  3. “Ишеним”;
  4. «Альянс»;
  5. “Кыргызстандын жашылдар партиясы”;
  6. «Жаратман Эл»;
  7. «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»;
  8. «Ата Мекен»;
  9. «Ыйман Нуру»;
  10. «Эл үмүтү социалдык саясий партия»;
  11. «Актив»;
  12. «Бийлик элге»;
  13. «Акыйкат Кыргызстан»;
  14. «Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы»;
  15. "Тилектештик";
  16. "Социалист";
  17. "Ак Бата";
  18. "Адилет";
  19. "Мекенчил эл";
  20. «Ынтымак»;
  21. «Азаттык»;
  22. «Күч бирдикте»;
  23. «Кыргызстан»;
  24. "Бирге-Вместе";
  25. «Ар-Намыс»;
  26. "Аалам";
  27. "Ак Асаба",
  28. "Ата-Журт Кыргызстан".
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин эске салат. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 3-сентябрь, саат 18.00гө чейин.