Парламенттик шайлоо-2021: Шайлоого катышуу үчүн билдирме бергендер 15 партияга жетти
28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме БШКга 15 партиядан түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Алар: «Социал-демократтар», “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, «Альянс», “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, «Жаратман Эл», «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия» , "Ата Мекен", "Ыйман Нуру", "Эл үмүтү социалдык саясий партия", "Актив", "Ар-Намыс", "Бийлик элге", "Акыйкат Кыргызстан", "Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы".
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин эске салат. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 3-сентябрь, саат 18.00гө чейин.