SerepTV Logo

Парламентте депутаттардын камалышынын мыйзамдуулугу боюнча төрөга Башкы прокуратурага тапшырма берди

Парламентте депутаттардын камалышынын мыйзамдуулугу боюнча төрөга  Башкы прокуратурага тапшырма берди
Жогорку Кеңештин төрөгасы Талант Мамытов бүгүн, 2-июндагы жыйында депутаттарды камоонун мыйзамдуулугу боюнча түшүндүрмө берүү үчүн Башкы прокуратурага протоколдук тапшырма берди. Бул жыйында депутат Дастан Бекешев жана Тазабек Икрамов эл өкүлдөрүнүн камалуусу мыйзам бузууларга алып келгенин айтышты. "Мандаты бар депутат кылмыш кылып жаткан учурда кармалса, ал мыйзам түрүндө жооп берет. Ал эми башка учурда кармап алып, барып камоо бул мыйзамга туура келбейт. Бул боюнча эл өкүлдөрүн кармаган органдар мыйзам чегинде жооп бериш керек" деп билдиришкен алар.
Unknown Author