SerepTV Logo

"Парламент тим эле "монстр" болуп алган". Садыр Жапаров Жылдызкан Жолдошовага жооп кайтарды

"Парламент тим эле "монстр" болуп алган". Садыр Жапаров Жылдызкан Жолдошовага жооп кайтарды
"Парламент тим эле "монстр" болуп алган". Президент Садыр Жапаров экс-депутат Жылдызкан Жолдошовага бүгүн, 26-ноябрда Элдик курултайда жооп кайтарды. "Ал президенттик башкаруу болбойт экен, парламенттик башкарууга өтүш керек деди. Аны да көрдүк. Жыргап кеткен жокпуз. 2010-жылдан 2020-жылга чейин үч баштуу бийлик болду. Парламент өзүнчө бийлик, тим эле "монстр" болуп алды. Анан өкмөт, анан президент... Эч бир маселе чечпейт, бири-бирине түртүп коюп, үч жылда кабыл алынбаган кагаздар бар экенин көрдүм", - деди ал.