SerepTV Logo

Пара талап кылууга шектелип кармалган Азамат Дыйканбаев кызматынан бошотулду. Анын ордуна ким дайындалды?

Пара талап кылууга шектелип кармалган Азамат Дыйканбаев кызматынан бошотулду. Анын ордуна ким дайындалды?
Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп Дастан Догоев дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бүгүн, 20-майда Азамат Дыйканбаев "Коопсуз шаар" долбооруна байланыштуу ири суммадагы пара талап кылуу кинеси менен кармалды.
edita