Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча өтүп жаткан курултай аягына чыкты
Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча өтүп жаткан курултай аягына чыкты. Анда резолюция кабыл алынып, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлмөй болду.
Резолюцияда бийликке бир катар талаптар коюлду:
?Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын аянты Кыргызстандын менчигинде калуусу;
?Жер алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр токтотулуусу;
?Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча мамлекеттик комиссиясы кайрадан түзүлүүсү.