SerepTV Logo

Өзгөн шаарынын мэрине сөгүш берилди. Ал тил жөнүндө мыйзамды бузган

Өзгөн шаарынын мэрине сөгүш берилди. Ал тил жөнүндө мыйзамды бузган
Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримовго сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, ал 30-октябрда Өзгөн шаарынын күнүнө арналган иш-чараларды уюштурууда "Кыргыз Республикасынын тили жөнүндө" мыйзамдын 7-беренесин бузууга жол берген. "Эгерде аталган мыйзамды мындан ары да бузууга жол берилсе, анын ээлеген кызмат орду карала турганы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.