SerepTV Logo

Өзбекстандын тышкы иштер министринин Кыргызстанга келиши. Кол коюлган документтер

Өзбекстандын тышкы иштер министринин Кыргызстанга келиши. Кол коюлган документтер
Бүгүн, 3-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовдун Кыргыз Республикасына расмий иш сапары болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөндөгүлөргө кол коюшту: - Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишим; - Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуу; - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Өзбекстандын Суу чарба министрлигинин ортосундагы суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу; - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Борбордук Азия эл аралык институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу; - эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасы. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрлеринин Биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышкан.