Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоодо саат 10:00гө карата 13 миң 859 адам келип добуш берди
Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоодо саат 10:00гө карата 13 миң 859 адам келип добуш берди. Бул тууралуу брифинг учурунда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.
Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 9,7 пайызын түзөт. «Ош шаары боюнча жалпы 78 добуш берүү тилкеси ачылган. Добуш берүүчүлөрдүн жалпы саны 152 миң 718 адамды түзөт. Саат 10:00гө карата 13 миң 859 адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 9,7 пайызын түзөт», - деди ал.