Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышкан 4 партия алдыга озуп чыкты
Автоматтык түрдө эсептөө урналарынын (АСУ) алдын ала жыйынтыгы боюнча Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоодо 4 партия алдыда келе жатат.
Алдыда төмөнкү саясий партиялар келе жатат:
• “Биздин Кыргызстан” партиясы — 33,27 пайыз;
• “Улуттар биримдиги элдик" партиясы — 17,26 пайыз;
• "Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 36,54 пайыз;
• “Бир Бол” партиясы — 8,53 пайыз.
Шаардык кеңешке өтүү үчүн саясий партиялар 7 пайыздык шайлоо босогосунан өтүүсү керек.